

2025-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров № 237 «Керектөөчү кредит жөнүндө» Мыйзамга жана ага байланыштуу № 238 «Банктык укуктук мамилелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.
Жаңы мыйзам керектөөчү кредиттерди берүү жана кайтаруу тартибин жөнгө салат, зайымчылардын жана кредиторлордун укуктары менен милдеттерин аныктайт, ошондой эле кредит берүүнүн шарттарынын ачык-айкындуулугуна жана зайымчылардын укуктарын коргоого карата бирдиктүү талаптарды киргизет.
Мыйзамдын негизги жоболору:
керектөөчү кредиттер боюнча эң жогорку номиналдык пайыздык чен — күнүнө 0,08 %дан ашпоого тийиш;
бардык чегерүүлөрдүн (пайыздар, комиссиялар, айып пулдар жана туумдар) жалпы суммасы кредиттин суммасынын 60 %ынан ашпоого тийиш;
кредиттин толук наркын жана бардык төлөмдөрдү келишим түзүлгөнгө чейин милдеттүү түрдө ачык көрсөтүү;
зайымчынын айып пулсуз жана комиссиясыз мөөнөтүнөн мурда кредитти жабуу укугу;
кредит берүү алдында зайымчынын карыздык жүгүн жеке тартипте эсептөө талабы;
керектөөчү кредит берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн кредиттик уюмдардын жоопкерчилигин күчөтүү.
Жаңы мыйзамды ишке ашыруу максатында ошондой эле № 238 Мыйзам кабыл алынды, ал Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, ошондой эле банктар, микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар жана сүткорлук ишин чектөө жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизет.
Эки мыйзам тең расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алты айлык мөөнөт ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын жаңы талаптарга ылайык келтирүүгө милдеттүү.

Токтоналиева көч., 103
Бишкек, 720005
Телефон: +996 995 511-511
+996 701 050-406
E-mail: office@moicredit.kg
Жол табуу: 2GIS